Menu

Казакстан менен Өзбекстандагы бийлик алмашкан учур Борбор Азияга коркунуч жаратат

Бөлүшүү:

Жакында Казакстан менен Өзбекстанда бийлик алмашуу болот. Ошондо саясый туруксуздук орун алып, жалпы Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да коркунуч жаралышы мүмкүн.

Мындай пикирди бүгүн 29-июнда “Борбордук Азиянын аймактык коопсуздук көз карашы, негизги коркунучтар жана турукташтыруу мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы жыйында орусиялык изилдөөчү Андрей Русаков билдирди.

Екатеринбургдан келген Русаков Европа-азиялык изилдөөлөр борборунун аткаруучу директору болуп эмгектенет. Бул жыйындын катышуучулары, негизги коркунучтардын катарын маалыматтык коопсуздук, терроризм, диний экстремизм, баңгизат, мыйзамсыз миграция экенин белгилешти. Орусиядан келген эксперт булар менен кошо саясый коркунучтар да алдыда күтүлүп турганын айтты.

«Эртели-кечпи жакында Казакстан менен Өзбекстанда да бийлик алмашат. Ал учур саясый коркунучтарды жаратат. Бардыгы тынч эле өтсүн деген ниеттебиз, бирок Актөбедеги акыркы окуялар эсибизде. Аны Орусия да бир топ талкуулашты. Ошондуктан, эксперттер биргелешип, бул теманы талкууга алып, коркунучтарды алдын алуу керек»,-деди Русаков.

Жыйынга катышкан экс-депутат Бегалы Наргозуев да мындай коркунуч бар экенине кошуларын айтты.

-Кыргызстандагы бийлик алмашууларда да коңшу мамлекеттер кооптонуп, коопсуздугун күчөтүп турушкан. Аталган мамлекеттин бийликтери стабилдүүлүктү кармоого аракет кылып жатышат. Бирок, ал канчалык сакталарын эч ким билбейт. Ошондуктан баарына даяр болуш керек.

Ал эми ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев, бул тармакта кепилдик анан негизгиси биримдик жок экенин айтып, коргоонуунун жолдорун сунуштады.

-Борбор Азиянын өлкөлөрү өз алдынча тышкы коркунучтар менен күрөшүүгө алы жетпейт. Ошондуктан Жааматтык коопсуздук келишим уюму жана Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу бирикмелер менен кызматташтык бекемделип жатат. Бирок аларга да кепилдик жок. Себеби Өзбекстан уюмга кирбейт. Бул деген аталган чөлкөмдөгү мамлекеттер бир пикирге келе албай жатат дегенди билдирет. Практика да жок. Ошондуктан Кыргызстан өзүнүн армиясы менен чек араларын бекемдеп, жогорудагы аталган уюдардын ишин жакшыртып, регионалдык биримдик түзүш керек.

Коомдук ишмер Адахан Мадумаров болсо, бардык маселени бийлик, мамлекеттегилер өздөрү жаратаарын айтып, дипломатияны күчтөш керектигине токтолду:

“Бардык көйгөйдү бийликти кармап тургандар өздөрү жаратат. Алардын жоопкерчиликсиздиги да чоң коркунуч. Мына жакында эле Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандын ажосу Ислам Каримов менен жолугуп, жылуу сүйлөшкөнү жакшы жышаан. Мындай аракеттер илгери эле жасалышы керек болчу. Дипломатиялык мамилелерди бекемдөө учурдун талабы. Бул дагы коопсуздукту бекемдөөгө жакшы шарттарды түзөт”, – дейт Мадумаров.

Жыйындын соңунда жакшы жыйынтыктарга жетүү үчүн бул талкуу жана изилдөөлөр дагы уланары белгилүү болду.

Канай Анаркулов

Булак: maralfm

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: