Menu

15-июньдан тартып Бишкек-Рыбачье поезди жүрө баштайт

Бөлүшүү:

Жайкы туристтик сезонго карата “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын поезд каттамынын расписаниесине “Бишкек-Рыбачье” багыты боюнча каттоочу поезд киргизилди. Бул туралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы маалымдайт.

Эми жайкы эс алуу сезону аяктаганга чейин №608 “Бишкек I-Рыбачье” жана №609 “Рыбачье-Бишкек I” поезд каттамы 2018-жылдын 15-июнунан 29-июльга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 30-июльдан тартып, 10-сентябрга чейин күн сайын каттай баштайт.

Поезд каттамынын расписаниеси төмөндөгүчө:

№608 “Бишкек I-Рыбачье” каттамы 06 саат 25 минутада “Бишкек I” (Пишпек) темир жол бекетинен жөнөп, 11 саат 20 минутада Рыбачьеге барат.

№609 “Рыбачье-Бишкек I” поезди 17 саат 08 минутада Рыбачье бекетинен жөнөп, 21 саат 56 минутада “Бишкек I” (Пишпек) темир жол бекетине келет.

Билет баалары:

Чоңдор үчүн: 69 сом

Балдар үчүн: 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин)

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: