Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Барак Обаманы Америка Кошмо Штаттарынын көз карандысыздык алгандыгынын 240 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы өз телеграммасында кыргыз-америкалык алака-катыштардын жогорку деӊгээлин жана демократияны, коопсуздукту чыңдоо чөйрөлөрүндө, экономиканы жана жарандык коомду өнүктүрүүдө өз ара жемиштүү аракеттерди канааттануу менен белгиледи.
«Биздин өлкөлөр ортосунда достук, стратегиялык жана өз ара пайдалуу өнөктөш мамилелер мындан ары да өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташтык нугунда өнүгө берерине ишенем», – деп белгиленет телеграммада.
Атамбаев Обамага чың ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди каалап, ал эми дос америка элине мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү тиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ