Menu

Фото – Ноокатта милиция кызматкерлери тандырдын ичинде күйүп жаткан кишини сактап калышты

Бөлүшүү:

27-декабрдан 28-декабарга караган түнү рейдке чыккан милиция кызматкерлери Ноокат шаарынын борборунда жайгашкан тамактануучу жайдын самса жабуучу тандырдын ичинде күйүп баштаган жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Болжол менен түнкү саат 01:15 чамасында түнкү рейдде жүрүшкөн милициянын участкалык милициянын ага сержанты Эрмекбай уулу Өмүрбек жана Жаш өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспектор милициянын майору Уларбек Кожошовдор күзөттө жүргөн көчөдө тандырдын ичи түтөп жатканын байкап калышат.

Башка күндөрү бул мезгилде бул жайда от жагылбаганын билишкен кыраакы милиция кызматкерлери эмне күйүп жатты экен?- деп карашкан учурда, самса жабуучу тандырдын ичинде эс учун жоготкон белгисиз жарандын кийимдери күйүп баштагандыгына күбө болушат.

Ыкчамдык менен ал жаранды тандырдын ичинен алып чыгышып, күйүп жаткан кийимин өчүрүшүп, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүшүп, медициналык тез жардамды чакырышат. Медициналык жардам алган жаран өзүнө келип, учурда Ноокат райондук ооруканасында дарыланууда.

Ал жаран Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 1982-жылы туулган А.А экендиги аныкталды. Ал тандырдын ичине сыртта катуу суук болуп үшүгөндүктөн тандырдын ичине кирип жаткандыгын, тандырдын чогу өчпөгөндүктөн түтүнгө ууланып эс учун жоготуп койгондугун билдирди. Ал жарандын бут кийими жана курткасы жаңыдан күйүп баштаганда түнкү күзөттөгү милиция кызматкерлери байкап калышкан.

Түнкү рейд Ош облусунун бардык райондорунун аймагында жүргүзүлүүдө. Рейддин негизги максаты мал уурулуктун, жаш өспүрумдөр арасындагы кылмыштуулуктун, жол кырсыктарынын жана башка кылмыштардын алдын алуу болуп саналат.
Рейд учурунда жергиликтүү тургундарга коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындай рейддер жума сайын Ош облусунун бардык райондорунда өткөрүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: