Menu

Ферганада Өзбекстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары жолугат

Бөлүшүү:

16-июлда Ферганада Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода жолугат. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

«Курамында эки өлкөнүн министрликтери менен мекемелеринин, ошондой эле алдыңкы экономикалык түзүмдөрүнүн жетекчилери бар делегацияны баштаган өкмөт башчылар эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде жакында өтө турган жогорку деңгээлдеги өзбек-тажик жолугушуусуна даярдык көрүү маселесин талкуулашат», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Быйыл мартта Өзбекстандын президенти 18 жылдан бери алгачкы жолу расмий сапар менен Тажикстанга барган. Жабык өткөн жолугушуунун жыйынтыгында 27 документке кол койгон Мирзиёев менен Рахмон башкы максат —өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу көлөмүн бир миллиард долларга чейин жеткирүү экенин айтышкан.

Расмий маалыматтар боюнча 2015-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу көлөмү болгону 12 миллион долларды түзгөн. 2017-жылы Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болгондон кийин бул көрсөткүч 240 миллион долларга жетти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: