Menu

Тайип Эрдоган: Стамбул аэропортундагы жардырууга шектелип кармалгандардын арасында Дагестан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары бар”

Бөлүшүү:

Стамбулдагы терактка шектелгендердин арасында Дагестандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары бар экенин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди. Бул тууралуу түркиялык Анадолу агенттиги жазып чыкты.

“Акыркы кармоолорду кошкондо бул боюнча камакка алынгандар 30 адамга жетти. Бул кармоолор көп маалыматтарды ачыкка чыгарышы мүмкүн. Кармалгандар арасында Дагестан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары бар”, – деди Эрдоган Стамбулдагы сапары учурунда.

Шектүүлөрдүн 11и чет өлкөлүк экени кабарланууда.

Ал ошондой эле тергөө мурдагыдай эле терактты “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жасады деп эсептерин кошумчалаган.

Мурдараак расмийлер Раким Булгаров жана Вадим Османов аттуу Орусия жарандары аэропорттогу жардырууну жасашкан деп билдирген. Үчүнчү жанкечтинин тек-жайын жана жарандыгын аныктоо иши жүрүп жатканын айтышкан.

28-июнда Стамбулдагы жардырууда набыт болгондордун саны 45 кишиге жетти. 230дан ашууну жараат алган. Жарадарлардын жыйырма чактысы оор абалда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: