Menu

Атамбаев динчилерди саясатка аралашпоого чакырды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктоосунда динчилерди саясатка аралашпоого чакырды.  Ал азыркы ааламдашуу доорунда прогресс менен кошо бөтөн маданияттарды, жүрүм-турум образдарын, керек болсо кийимдерден бери таңуулоого жол ачылганын, диний ишеним менен улуттук маданиятты, салттарды карама-каршы коюунун айынан бир улут ичинде, атүгүл бир үй-бүлөдө карама-каршылыктар күчөгөнүн жана бул нерселер мамлекеттердин коопсуздугуна, улуттук биримдик менен ынтымакка доо кетип жатканын айтты.

“Тилекке каршы, бул көрүнүштөн Кыргызстан да четте калган жок. Динди күчтөп таӊуулоо, башка ишенимдеги же атеист мекендештирибизди кемсинтүүлөр, коркутуулар болуп жатат. Акыркы кезде диний ишенимге байланыштуу чатактар ырбап, саясый түскө ээ боло баштаганы кабатыр кылат. Динчилер саясатка киришкенде эмне болоорун азыркы күндө бир топ араб өлкөлөрүнөн көрүп жатабыз. Кыргызстан калкынын басымдуу көпчүлүгү мусулмандар экени талашсыз. Ислам – тынчтыкка, ынтымакка данакер дин. Бул дин таңуулоого муктаж эмес. Болгону ар ким ишенимге өз жолу менен келиши, Кудайды өз ыктыяры менен таанышы керек деп эсептейм”, – деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: