Алмазбек Атамбаев 60 жылдык юбилейине карата өзүнүн аткаруусундагы ырларынан CD альбом жаздырып, жакындарына белек кылууну чечти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан орус тилинде беш ыр жазылды. Аны үн режиссери Эрнист Үмөталиев президенттин иш бөлмөсүндө жаздырып, Атамбаев ага бир сааттай убактысын короткон. Ал эми август айында өргүүгө чыкканда кыргызча дагы беш ыр жаздырууну пландап жатат.
Атамбаевдин ырларына досу кинорежиссер Фуркат Турсунов советтик эски кинолордун айрым бөлүктөрүн алып клип жасап, интернетке жарыялайт.
Ошондой эле президенттин маалымат кызматы Атамбаев 2017-жылы жаңы президент шайлангандан кийин мамлекеттик жумуштарды аркалабай турганын жана чыгармачылык менен алектене турганын маалымдады.
Эске салсак, Атамбаевдин “Судьбе назло” жана “Я не могу без тебя жить” атуу эки ыры интернетке жарыяланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ