Menu

Видео – Ирандык генерал Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыкты. Путин буга тынчсызданууда…

Бөлүшүү:

«Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулейманинин жана аскер кызматкерлеринин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар Тегеран, Керман жана Тебриза шаарларынын көчөлөрүндө митингге чыгышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып, видеону социалдык тармактарга таратышты.

Алардын айтымына караганда, ирандыктар митингге кечээ, жума намаздан кийин чыгып, куран окутушуп, аны эскерип, ыйлашкан.

 

Эске сала кетсек, 3-январда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эң таасирдүү командирлеринин бири, чет өлкөдөгү атайын операцияларга жооптуу генерал, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани өлтүрүлгөн. Анын өлүмү Американын президенти Дональд Трамптын буйругу менен ишке ашканы айтылган. Аны Дональд Трамп танган жок, ал  Сулейманини эмнеге өлтүрткөнүн ачык эле айтып чыкты.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон тынсызданууда. Алардын пикиринде, АКШнын мындай кыймыл-аракети Жакынкы Чыгыштагы абалды кескин курчутуп жибериши ыктымал…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: