Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңеш тарабынан президент Алмаз Атамбаевге Баткен ( 2 адам), Талас (4 адам), Ош (2 адам), Нарын (1 адам) жана Чүй (1 адам) облустук сотторунун, ошондой эле Ош областынын Райондор аралык сотунун (2 адам) судьялары кызматтарына 12 талапкерди дайындоо боюнча сунуштарды киргизген. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.
2016-жылдын 30-июнунда Алмаз Атамбаев бул талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн, кошумча алынган материаларды эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев 4 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макул болду.
Талапкерлер боюнча материалдардын, ар башка мамлекеттик органдардан алынган кошумча маалыматтардын жана ой-пикирлердин жыйынтыгына карап, мамлекет башчысы 8 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.
Буга байланыштуу Алмаз Атамбаев 2 жарлык чыгарды.
Биринчи жарлык менен дайындалган 4 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалды.
Экинчи жарлык менен дайындалган 4 судья судьялык ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Талас жана Чүй облусунун, Ош облусунун Райондор аралык сотунун сотторуна жиберилди.
– Талас облустук сотуна:
Түнкатаров Өмүрлан Амангельдыевичти;
Эстебесов Курал Калыгуловичти.
– Чүй облустук сотуна:
Сейталиев Бекболот Мырзабековичти.
– Ош облусунун Райондор аралык сотуна:
Досалиев Акылбек Кубатбековичти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ