Электр энергиясына болгон тарифтер 2022-жылга чейин өзгөрбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова маалымат жыйынында билдирди.
«700 кВт саат чеги сакталып калды (бийик тоолуу аймактар үчүн 1000 киловатт-саат), ага жеткенге чейин бардык абоненттер аймактарга карабастан 77 тыйындан төлөшөт, ал чектен жогорку көрсөткүчтө – 1 киловатт саатына 2,16 сом төлөнөт”, – деди Миргүл Айдарова.
Ошондой эле ал жаңы абоненттер (майнингдер) киргизилгенин кошумчалады. Алар үчүн киловатт-саатына 2,91 сомдон жогорулатылган тариф белгиленди. Балдар үйлөрүнүн тарифи өзгөрдү, эми киловатт-саатына 1,58 сомдон төлөшөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ