Мен башкысы – энемин
– Мен энемин. Сиз кимсиз деген суроо берилсе же өзүмчө отурганда эмне иш бүтүрдүм деп ойлонуп отуруп мен эң башкысы эне экенимди эстеп кубанып кетем. Мен алгач саясатчы же башка бир даражамды айтпай туруп, алгач эне экендигим менен сыймыктанам. Аял заты үчүн эне статусунан жогорку даража болбойт.
Ден соолук үчүн
– Туура, акыркы кезде депутаттардын унаасы тууралуу сөз көп козголбодубу. Мен көчө аралап жөө баспасам дагы, жумуштан үйгө жана үйдөн жумушка ден соолук үчүн пайдалуу болсун деп жөө басам. Анткени көп отуруп иштөө бир жагынан жакшы болсо, экинчи жагынан зыян.
Сатып жегенден айдап жеген даамдуу
– Мен Ош шаарында төрөлүп өскөм. Үйдүн эң кичүүсү болгондуктан өтө эрке кыз болчумун. Ата-энемдин, бир туугандарымдын курчоосунда, алардын камкордугу астында чоңойдум. Бактылуу балалыгымды эстегенде, алгач эле көз алдыма чоң үйүбүз жана кенен бакчабыз, жемиш бактарыбыз көз алдыма элестелет. Жемиш бактар мөмөсүн бере баштагандагы кубанганым эсиме түшөт. Азыркыдай бардыгын базардан сатып алам деген көп кызыгы жок сыяктуу сезимдер эмес, өз багыңдан суу куюп, түптөп, күзүндө жемишин терип жеген кездер эң жагымдуу болот эмеспи. Үч бир тууганмын. Эжем менен агам менин эң жакын адамдарым болчу. Кандай кыйынчылык болбосун экөө чечип койчудай сезим менен чоңойдум. Ошол сезим азыркыга чейин калып калат экен. Эжем азыр илим чөйрөсүндөгү адам. Химия илимдеринин доктору менин сыймыгым жана тирегим. Ажал айттырбай келет экен, агам былтыр каза болуп калды.
Билимсиз дүйнө караңгы
– Мугалимдин үй-бүлөсүндө тарбияланган адам катары, мектеп көйгөйлөрүнө көп көңүл буруп келем. 5-чакырылыштын депутаты кезимде да жана азыр 6-чакырылыштын депутаты катары да эң башкы маселе мен үчүн билим берүү тармагы болот деп өзүмө-өзүм тапшырма бергем. Балдар жаңы мектептерде окуса деп, тамагы менен китептерине, мугалимдердин айлык акысына көңүл буруп келе жатабыз. Билимсиз дүйнө караңгы. Билим тармагы оңолмоюн, башка тармак тууралуу сөз кылуу туура эмес. Балага тамга таанытпай туруп оку деп кыйнагандай эле кеп. Өзүмдүн эки балам бар. Эч кандай элиталык же жеке менчиги жок эле, мамлекеттик мектептен окуп бүтүп азыр иштеп жатышат.
Билбейм. Бул кандай сапат?
– Бир ишти бүтүрмөйүн ордума тура албаган, шашма, чыдамым кетип калмай адатым бар. Жашым өткөн сайын бул мүнөзүм азайып бараткандай, бирок ушул сапаттын залалын да убагында көп эле тарттым. Бул мүнөз калыптанып калгандан кийин өзүңдү кайрадан тарбиялоо оор болот экен. Бул сапат жакшыга киреби же жаман сапатка киреби так айта албайм. Себеби жогоруда айткандай учурунда залалын көп көрсөм, пайдасын да көрүп калам.
Жаштарга ишеним артабыз
– Жаштарда үмүт чоң. Жакшыны жаман дей берсек бир күнү ал жаман болот, жаманды жакшы деп жатып оңдоп алыш өзүбүздөн. Билимдүү жаштардын өлкөсү болоорубузга ишеним чоң. Мен көбүнчө жаштар менен көп жолугушам. Алар менен баарлашып, ой жүгүртүүлөрүн байкап кубанып калам. Жакында 2-мартта Эл аралык университеттин студенттери менен жолугуп, парламентаризм жөнүндө лекция окуп келдим. Мамлекеттин келечегине кайдигер карабаган зирек жаштар көп экени мени кубантты.
Китеп көйгөйдү чечкенге жардам берет
– Мени китепкөй адам кылып чөйрөм тарбиялады. Мактаныч эмес, атам баш болуп үй-бүлөбүз менен китеп көп окучубуз. Жакшы көргөн китебимди кайталап окугандан тажабайм. Ар бир окуган сайын китептин башка сырлары ачылып турат. Бир китепти он жылдан кийин окусаң башка көз караш менен окуйсуң. Жакында таасирленип окуган китебимдин бири Маргарет Тетчэрдин китеби болду. Депутат болгонго чейин деле аялдар менен көп эле иштешип келгем. Мен атактуу, ийгиликтүү айымдар тууралуу окуганды жактырам. Себеби мындай китептердин азыркы коомдо муктаж энелер менен балдардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардамы чоң.
Гүлмира Шаршеева
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ