Буга чейин Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын мэри кызматын аркалап келген Абиш Халмурзаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, Баткен облусундагы өкмөттүн мурдагы өкүлү Жеңиш Раззаков чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп шайланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ