Menu

УКМКнын кызматкерине сүрөт музейинин экс-директору Юристанбек Шыгаевден $20 миң талап кылгандыгы үчүн 50 миң сом айыппул салынды

Бөлүшүү:

Жогорку Соттун коллегиясы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Юристанбек Шыгаевден 20 миң АКШ долларын талап кылган УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын А.Н. аттуу кызматкерине карата эки инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды. Соттун чечиминин тексти Сот актылар жана отурумдар сайтында жарыяланган.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук соту 2019-жылдын 18-ноябрында А.Н. аттуу кызматкер кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн күнөөлүү деп тапкан. 1 жылга пробациялык көзөмөл менен бошоткон, 50 миң сом айып салынган. Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, УКМКнын А.Н. аттуу кызматкери 2019-жылдын 15-майында атасынын досу Юристанбек Шыгаев менен жолуккан. Юристанбек Шыгаев ал кезде Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору кызматын ээлеп турган. А.Н. жолугушуу учурунда, Шыгаевди коркутуп, 1 миллион долларга бааланган Айвазовскийдин сүрөтүнүн уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгонун айткан. Ал эми сүрөт 2013-жылы уурдалган. Ал Шыгаевден кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 20 миң доллар талап кылган. Шыгаев айлык маянасы 18 миң экенин айтып, анда көп суммадагы акча каражаты жок экенин айткан. Анда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери акчанын көлөмүн 20 миң доллардан 5 миң долларга түшүргөн. А.Н. көрсөтүлгөн сумма акыркы болуп саналарын жана 17-майда берилиши керектигин айткан.

Бир жумадан кийин, т.а. 17-майда А.Н. Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине акчаны алып кетүүгө келген. Ал Шыгаевдин иш бөлмөсүнө кирип акчаны алгандан кийин, жеринен УКМКнын Ички тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Аскер прокуратурасы А.Н.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш ишин козгоп, Бишкектеги аскер кызматкерлеринин камак үйүнө киргизилген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында А.Н. үй камагына бошотулган.

Соттук отурумда соттолуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Ал алдамчылыкка баргандыгын мойнуна алган, бирок кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланбаганын билдирген. Анын айтымы боюнча, 2019-жылдын февраль айында тууганынан акча карызга алган. Ал Шыгаевдин мыйзам менен көйгөйлөрү бар экендигин угуп, муну колдонуп калууну чечкен. УКМКнын кызматкери андан акча алып, тууганына карызын төлөп берүүнү каалаган.

Анын айтымында, Шыгаев ага көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүүнү убада кылган. 17-майда 50 миң сом алгандан кийин, ал жакынкы убактарда карызын төлөп берүүнү пландаштырган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: