Кечээ Ысык-Көл облустук администрациясында өткөн жыйында өкмөттүн облустагы өкүлү Аскат Акибаев Ысык-Көл районунун акими Райымбек Имангазиев менен Түп районунун акими Ишен Кожалиевдин жумушундагы кемчиликтерин катуу сынга алып, сөөмөй кезеген эле. Бүгүн эки аким тең түйүнчөгүн түйүп, өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу өкмөт башчыга арыз жазыптыр. Албетте, башкарган райондордогу коомдук тартипти жөнгө сала албаса, берилген тапшырмаларды аткара албаса, үйүнө эле барып эс алганы жакшы эмеспи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ