Айтылуу генерал Өмүрбек Суваналиев ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы өздүк үйүндө эс алууда. Каарманыбыз июнь айынын соңу менен шаардын ызы-чуусунан тажап, көлгө карай зуу койгон. Ар жылы эки айлык жай саратанды Өмүрбек агабыз Көлдөн тосуп, сууга сүзүп, ага удаа булчуң чыңамай, алыска чуркамай өңдүү спорттун түрлөрү менен машыгып, ден-соолук камын көрүп келет. Генералдын таң эртелей көл жээкте спорт менен машыкканын белгилүү спортсмендер да көрүшүп, суутулган аттай табына келип турганына таңдануусун жашырышпады. “Тапталган күлүк мамыга турбайт” демекчи, Таластан чыккан «Эр Бөрө» ушу тапта табына келип, чыйралып турган кербези. А биз тар кызыкчылыктын айынан «колдо бар алтындын баркын билбей», профессионал адис «Комиссар Каттанинин» кыргызга кымбат курагында күчүн алалбай келебиз.
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ