Menu

Орусия Украинадан Кыргызстанга жана Казакстанга бараткан 130 вагонду кармады

Бөлүшүү:

Орусия чек арада Украинадан Кыргызстанга жана Казакстанга бараткан 130 вагонду кармады. Бул тууралуу «Укрзализныця» темир жол транспорт администрациясына таянып РИА Новости кабарлады. Вагондор Украина менен Беларустун чек ара бекеттеринде турат.

Буга чейин Украинанын экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги украин-орус чек арасында Казакстан менен Кыргызстанга бараткан 59 вагон кармалып турат, ал эми Беларус менен Орусиянын чегинде дагы 55 вагон жана 50дөй жүк машине кармалды деп билдирген эле.

Басылманын маалыматы боюнча «Укрзализныця» жүктөрдү жеткирүү үчүн альтернативалык каттамдарды сунуштоодо. Маселен, Украина, Грузия жана Азербайжан аркылуу өтчү «Жибек жолу» айтылууда.

2016-жылдын 1-июлунда Орусия өз аймагы аркылуу өтчү украин товарларына кошумча чектөөлөрдү киргизди. Жаңы эрежелер бир катар украин өнүмдөрүнө салынган тыюунун мөөнөтүн 2017-жылдын 31-декабрына чейин узартып, Кыргызстан менен Казакстанга транзит менен өткөн товарларды чектеп, ал эми эмбаргого туш келген же төлөм алына турган товарларды өз аймагы аркылуу өткөрүүгө толугу менен тыюу салат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: