Көчө футболу боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы, Шотландияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш байлени багындырды. Аталган мелдеш боюнча официалдуу сайттын маалыматына караганда кыргыз курамасы финалда Мексикалыктар менен бет келишип, 5:0 эсебинде утулуп калышкан.
Эске салсак, буга чейинки беттештерде АКШ, Индия, Чили, Голландия, Англия ж.б. күчтүү делген командаларды уткан Кыргызстандын курамасы футбол сүйүүчүлөрүнүн алкышына арзыган эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ