Menu

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган конституциялык Мыйзам аракеттеги «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын  24-беренесинин Өкмөт мүчөсүн кызматтан бошотуу бөлүгүндөгү кемчиликтерин четтетүү максатында иштелип чыккан.

Конституциялык Мыйзамдын  аракеттеги 24-беренесинин 2-бөлүгүндө Өкмөт мүчөсүн кызматтан бошотуу үчүн негиздерди (антты жана укуктук ченемдик актыларды бузуу) аныкталганы менен кызматтан бошотуу ким жана кандай тартипте аткарыларын такталган эмес. Ошондуктан Өкмөт мүчөсү антты жана укуктук ченемдик актыларды бузган учурда аны кызматтан бошотуу тартибин укуктук жөнгө салууда так эместиктер келип чыккан.

Ушул кемчиликти четтетүү максатында кабыл алынган Мыйзамда бул маселени чечүүнүн бирдиктүү тартиби аныкталган. Тактап айтканда, Премьер-министрдин негизделген сунуштамасы боюнча Президент Өкмөт мүчөсүн кызматтан бошотот.

Андан тышкары, коллегиалдуулук принцибин жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн өз ишмердиги үчүн жеке жоопкерчилигин арттыруу максатында кабыл алынган Мыйзам боюнча конституциялык Мыйзамдын аракеттеги 9-беренесине Өкмөттүн мүчөсү өз милдеттерин аткарууга байланыштуу айткан пикирлери үчүн же Өкмөттүн жыйналышындагы добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтуктоого, анын ичинде отставкага кеткенден кийин да дуушар болушу мүмкүн эместиги тууралуу кепилдикти белгиленген тартипте кабыл алынган Өкмөттүн чечимдерин аткарбаган жана бул чечимге ачык каршы чыккан Өкмөт мүчөлөрүнө карата колдонбоо тууралуу ченем киргизилди. Мындай жүрүм-турум Өкмөттүн кабыл алынган чечимдер үчүн коллегиалдуу жоопкерчилиги тууралуу принципти бузат жана Өкмөт мүчөлөрү арасында бири-бирине ишенбөөчүлүктү пайда кылып, ишти солгундатат жана мындай аракеттерге жол берүүгө болбойт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: