Бүгүн, 21-июлда Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана “Ыйман” фонду биргеликте уюштурган имамдар курсу жыйынтыкталды. Аталган окуу курсунун сертификат тапшыруу аземине Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, “Ыйман” фондунун өкүлү Муртаза Камбаров, Теология факультетинин деканынын орун басары Ферхат Гөкче жана телогия илимдеринин доктору Зайлабидин Ажимаматов катышты. Окуу курсуна Ош облусунун Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондорунан катышкан 70 имамга аталган курсту ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн сертификаттар тапшырылды. Мындан сырткары Ферхат Гөкче Түркиянын “Диянет” фондунун колдоосу менен Теология факультетинин окутуучулары тарабынан даярдалган “Ислам мазхабдарынын тарыхы жалпы өзгөчөлүктөрү”, “Илимде из калтырган мусулман илимпоздор”, “Абу Ханифа жана анын окуусунун Фергана өрөөнүндө калыптануусу” аталышындагы китептерди имамдар үчүн белекке берди.
Ыйман фондунун өкүлү Муртаза Жолдошовдун айтымында “Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу” долбоорунун алкагында эки жумалык окуу курсунда диний сабактардан сырткары “Тайм-менеджмент”, “IT –технология”, “Исламдагы укук негиздери”, жана “Сүйлөө чеберчилиги” сабактары окутулган.
Эскерте кетсек, алдыда Ош облусунун кезектеги имамдарын окутуунун экинчи этабы башталмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ