Menu

Бегалы Наргозуев: «Тарых Сабыр Муканбетовдун кыргызды бөлүп-жарган трайбалисттик-регионалисттик бузукулугун унутпайт»

Бөлүшүү:

-Бегалы мырза, бүгүн “Азия ньюс” гезити Сабыр Муканбетов деген жазмакердин «Бегалы Наргозуевди журналистикадан кууп чыгыш керек» дегенин жазып чыкты. Сиз буга кандай реакция кыласыз?

-Эми Сабырдын деңгээлине түшүп, аны менен айтышмак белек? Болгону журналистикадан бирөөнү кууп чыккыдай  ыйгарым укукту ага ким берди экен? Ошентип ой-тоону сүйлөй берсе эле эп боло береби?

-Чырыңар эмнеден улам чыкты эле?

Ал мага көп кайрылчу. Тигил же бул гезитке чыккан өзүнүн интервьюларын сайттын көрүнүктүү жерине коюп койчу деп эле телефон чала берет. Анан бир күнү «Азия ньюс» гезитине жарыяланган Алмаз Атамбаевди мактап, аны Кабыланга теңеген интервьюсун «сайтыңа коюп бер» деп суранып калды. Анын көңүлүн кыйбай адаттагыдай жарыяладык. Атамбаевди ушунчалык сыймыктануу менен «Кабылан» деп атаганынан биз Муканбетов Атамбаевди чын эле сыйлайт экен, муну Атамбаев окусун, билсин деп жазып жатса керек деп «Сабыр Муканбетов, Кабыландын серепчиси:..» деп «Кабыландын» деген бир гана сөздү тамаша иретинде кошуп койдук. Аны кошоматчысы деп атаган жокпуз. Чын эле Атамбаевди Кабыландай көрүп сыйласа буга ызаланбайт эле. Ал негедир муну кемсинтүү катары кабыл алды. Мен Кабыландын серепчиси эмесмин деп чычалай баштады. Демек, Атамбаевди Кабылан атаганы чын жүрөктөн чыккан эмес окшойт. Анан эле мага асылып, мени жамандап интервью бере баштады. Ага жооп кылып, биз «Атамбаевдин кошоматчысы» деп жаздык. Ошону менен тынчып калган. Алтургай жарашунун жолун издеп Суваналиевге чейин телефон чалып, ортого салган.  Анан Арслан Сартбаев менен болгон конфликттен кийин ошону пайдаланып калайын дедиби дагы жалаяктай болгон интервью берип, мени каралоого аракет кылыптыр.

-Ошол интервьюсунда Бегалы Наргозуев ким эле? Анча деле эсте калбаптыр таризинде сизди басмырлап, өзүн жогору көтөргөнгө аракет кылып мактаптыр, сиз буга не дейсиз?

Эми кыргызда «өзүн мактагандан түңүл» деген сөз бар. Ал эми мен тууралу болсо мен Сабырга теңелип, өзүмдү мактабай эле койоюн. Бирок ага бир суроом бар. Эгер менин ошончолук эске аларлык эч нерсем жок болсо анда неге өзү «Бегалы, сенин жеке өзүңдү Текебаев сый тамакка чакырып жатат, сөзү бар экен» деп ортомчу болуп, мен «бара бер, ошол жактан жолугалы» десем, кабинетиме келип олтуруп алып: «Чоогу баралы. Сен барбай койсоң уят болбойун. Мен сени алып барышым керек. Ушундай Текебаевдей улуу киши сый көрсөтөйүн деп жатса барбай койсоң уят болот» деп менин жумушум бүткүчө кабинетимде күтүп олтуруп, эң кеминде 3 жолу Текебаевдин сый-тамагына алып барбады беле? Муну калп десе Өмүрбек Чиркешович тандырбас. Анан эле бүгүн мени тааныбай, баалабай  калганы кызык экен.

– Акыркы асылуулары эмнеге байланыштуу дейсиз?

Акыркы асылуулары бул 16-январда болуп өткөн авиакырсыктан кийин кыргыз элин түштүк-түндүккө бөлүп жарган Медакадемиянын окутуучусу Таттыбү Дөөталиеваны коомчулук катуу сынга алды. Ал эми Сабыр Муканбетов тымызын ага жан тартып, аны коргоого аракет кылып «Азия ньюс» гезитине “Акаевден кутулдук, эми бекем турабыз, 25 жыл бийликке аркалыктарды жолотпойбуз” деп ошол эле Үсөн аке үкалары менен жыйын курган…” деп айтылуу Үсөн Сыдыковду жамандап интервью берип, элди түштүк-түндүккө бөлдү. Үсөн акени мен деле көп сындап жазгам, бирок анын иши боюнча, факты менен жазгам. Үсөн аке Сыдыков мени сотко берип, өзү утулуп калган. Ал эми Сабыр Муканбетов фактысы жок эле өзүнүн трайбалисттик логикасы менен «Үсөн аке ушинтип айткан» деп кыргызды бөлүп-жарып, регионализмди, аймактык бөлүнүп-жарылууну козутуп жатат. Аны окуган адам чын эле Үсөн аке ушинтип айткан экен деп ишенет да. Эгер Үсөн аке ошентип айтканы чын болсо Сабыр жазсын, баланча жылы, баланча күнү, баланча кишилердин көзүнчө ушинтип айтыптыр деп факты менен. Башка нерселерди жазса да чыныгы кыргыз ушул аймактык бөлүнүүнү козуткан бузукулукту фактысыз жазбаш керек. Сабыр Муканбетов, Таттүбү Дөөталиева сыяктуу трайбалист-регионалисттер «тияктыктар ушундай экен, ушинтип айтыптыр»  деп калп ушактарды жазышып, бир бүтүн элдин арасына от жагып, аймактык бөлүнүүнү козутуп, бузукулук кылып жатышат. Дегеле, мен ушул трайбалист-регионалисттерге таң калам. Бирөөнү кемсинтип өзүңдү мактагандан сен бийик болуп кетпейсин да. Эгер сени башка бирөөлөр мактаса анда бийиктейсин. А өзүңдү «биз билимдүүбүз, биз кыйынбыз» деп мактансаң анда сенде өксүк комплекси бар. Ошол өксүгүңдү толтуруш үчүн бир элди экиге бөлүп, жарымын жамандап, ошонун эсебинен өзүңдү көтөрмөлөгөнүң оркоюп эле көрүнүп турбайбы. Сен акылдуу болсоң сени өзүң эмес башкалар мактагыдай иш кыл. Эгер кыла албасаң бир элди бөлбөй шүк олтур. Биз мына ушул коомчулуктун Сабыр Муканбетов тууралу пикирлерин, анын ичинде журналист Бекен Назаралиевдин ачуу макаласын, журналист Баяна Кулованын постун, укук коргоочу Качкынбек Булатовдун көз карашын жарыялагандыктан ызаланган Муканбетов жанагыдай асылууларга барып жатат. Чычалаган чын болот. Бирок тарых Сабыр Муканбетовдун кыргызды бөлүп-жарган трайбалисттик-регионалисттик бузукулугун унутпайт.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: