Селден улам Бишкек-Нарын-Торугарт жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 22-июлда мөндүр аралаш катуу жаандан улам тоолордо сел суу көбөйүп, унаа жолуна таш калдыктары толуп калган. Мындан улам Нарын районуна кире бериш жолдун эки тарабы тең убактылуу жабылган. Ошондой эле бир канча үйдү сел суулары каптаган. Учурда тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ