Ишемби, 23-июлда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында «Сары кыздын тою! Өрүк fest-2016» аттуу биринчи өрүк фестивалы болуп өттү.
Фестивалдын негизги максаттары болуп – бул кыргыз өрүгүн популярдаштыруу, өрүк өндүрүүчүлөрдү бир чоң максаттарга бириктирүү, өрүктү экспорттону илимий негизге коюу, өрүк өндүрүшүнө инвестицияларды тартуу болуп саналат. Фестивалга Жети-Өгүз районунун жети айылынын жана Баткен менен Жалалабад облустарынын өрүкчүлөрү келип катышышты.
Жыл сайын бир эле Жети-Өгүздүн Тосор айылынан Казакстан менен Россияга 20 тонна өрүк экспорттолору белгиленди. Фестивалдын дасторконунда өрүктүн маңызы, компоту, джеми, вареньеси, кургагы, өрүктөн жасалган торттор менен пирогдор жайнады.
Фестивалдын алкагында Жети-Өгүз районунун жети айылынын сулууларынын «Мисс Сары Кыз — 2016» сынагы да болуп өттү.
«Сары кыздын тою! Өрүк fest-2017» фестивалы кийинки жылы ошол эле Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында өтмөкчү.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ