Былтыртан бери Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын айрымдары Ооганстанга жөнөп кетишти. Бул тууралуу өкмөтгүн Нарындагы өкулүнүн орун басары Жаркын Ибраева кабарлаган.
Сапар алган 18 адамдын арасында эки үй-бүлө жана Нарын шаарындагы кесиптик лицей менен орто мектепте окуп жаткан балдар бар. Алар Ооганстанда калган туугандары, үй-бүлөсү менен учурашып жолуккан соң, күзүндө кайра келип окуусун улантарын айтышты. Ошондой эле Жаркын Ибраева буга чейин «памирлик кыргыздар үйүнө кеткиси келип жатат, себеби кыргыз өкмөтү аларга көңүл бурган жок» деп айрым маалымат каражаттарына тараган сөздөрдү негизсиз деп атады.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ