Menu

Майып балдарды ижарага берген “бизнес” күч алууда

Бөлүшүү:

Ош облусунда өзүнүн майып баласын кайыр сураганга мажбурлап, бирөөлөргө күнүнө 200 сомго арендага берген факт катталды. Мындан улам анын апасы менен баланы иштетип жүргөндүгү белгилүү болду. Кара-Суу районундагы Нариман айылында жашаган 12 жаштагы майып баласын кайыр сураганга мажбур кылып, башкаларга ижарага берген аялга жана ал баланы иштеткен жарандарга карата кылмыш иши козголду. Облустук милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү мыйзамсыз жумуштарга тартууга аракет кылгандарга карата атайын рейд өткөрүшкөн. Натыйжада жогоруда айтылган факт катталып отурат. Учурда бул окуя боюнча дагы башка жагдайларын тактоо боюнча иштер жүрүүдө. Милициянын рейди учурунда 23 бала мыйзамсыз жумуштарга тартылганы аныкталган. Мындан сырткары, коомдук жайларда, автоунаалардын кыймылына тоскоолдук кылып, кайыр сурагандарга да чаралар көрүлүп жатат. Өспүрүм куракта оор жумуштарга тартылган балдар физикалык же моралдык түрдүү ооруларга чалдыгышы ыктымал дешет. Ошондуктан өлкөнүн мыйзамдары да жашы жете электерди оор иштерге тартууга каршы. Балларды мындай аракеттерге мажбурлоого бөгөт коюу аракети менен өкмөт эл аралык  жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдар аркылуу да иш алып барат. Өткөн жылы “Калктын аялуу катмарларын коргоо жана өнүктүрүү фонду” эрте куракта жумушка тартылган балдарды аныктап, аларга түрдүү багыттар боюнча көмөк көрсөтүп, иштей башташкан. Улуттук статистика комитетинин маалыматтында, 2015-жана 2016-жылдары балдарды жумуштарга тартуу азайганы байкалган. Бирок ошентсе да бул көйгөй кала берүүдө.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: