Menu

Кара-Балтадагы “Жунда” заводуна айыппул салынды

Бөлүшүү:

Кара-Балтадагы “Жунда” мунайды кайра иштетчү заводуна оңдоо иштерин жүргүзүүдө техникалык эрежелерди сактабаганы үчүн административдик айыппул салынды. Бул тууралуу Техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган заводдо оңдоо иштерин жүргүзүүдө техникалык эрежелер бузулуп, зыяндуу газдар абаны булгаган. Бул боюнча иликтөө жүрүп, административдик мыйзам бузуу үчүн акчалай айыпппул салынды.

Ошондой эле Мамэкотехинспекциядан Ново-Николаевка айылынын тургундарынын арызы каралып жатканын кабарлашты. Аталган айыл тургундары завод тараптан жагымсыз жыт келип жатканына даттанышкан.

“Жунда” заводу Кытайдан келген инвестицияга курулган. Ал жылына 800 миң тонна мунай иштетүүгө ылайыкташкан. Бирок толук кубаттуулукта иштебей келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: