Menu

Алайдагы дарак өспөгөн, эгин бышпаган Сары-Могол айылынын 70 жылдыгы белгиленди

Бөлүшүү:

Бүгүн Алай районунун Сары-Могол айылынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы белгиленди. Майрамдык иш-чарага ЖКнын СДПК фракциясынын депутаты Улан Примов да катышты.

Эл өкүлү айылдын элин тою менен кызуу куттуктап, айыл элине тынччылык, эсенчилик, айылга өсүп өнүгүү каалады.

Айылдын мааракесине 5 миңден ашык адам катышып, ал концерттик программалар, көкбөрү, кыз куумай, ат жарыш сыяктуу спорттук оюндар менен коштолду. Той жогорку деңгээлде белгиленип, ага  келген эл көңүл ачып, чер жазышып, маанайлары жогору кайтышты.

Айылдын 70 жылдык тоюнун жүрүшүндө «Алай айымдары» тобуна алдыда өтчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышууга жолдомо берилди.

Маалымат үчүн айта кетсек, Сары-Могол айылы деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан, анда дарак өспөйт, эгин бышпайт. Жайыт жер болгондуктан бул жерге 1946-жылы Тажикстандын Мургаб районундагы кыргыздар келип отурукташып калышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: