Menu

Төрөбай Зулпукаров: “”Биримдик” партиясынын талапкерлеринин арасында “золотой мандат” деген түшүнүк болгон эмес”

Бөлүшүү:

“Биримдик” партиясында “золотой мандат” деген түшүнүк болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда “Биримдик” партиясынан депутаттыкка мурдагы талапкер Төрөбай Зулпукаров Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, бир дагы шайлоо кампаниясы каржылоосуз өткөрүлбөйт.

“Биринчиден, туура, шайлоо кампаниясы каржы маселесиз өтпөйт. Бирок бизде шайлоо учурунда каржы маселесине аралашканга менде мүмкүнчүлүк дагы болгон эмес. Мен көпчүлүк учурда уюштуруу маселеси менен алектендим. Шайлоо учурунда жалпы Кыргызстанда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, дээрлик Бишкекте болгонум жок. Талапкерлер партиянын жалпы чыгымдарын төлөөдө ар бири өз мойнуна алган. Төлөмдөр банк аркылуу жүргүзүлүп, алардын отчету БШКга толук берилген.

Экинчиден, биздин партиянын талапкерлеринин арасында “золотой мандат” деген түшүнүк болгон эмес. Ар бир талапкер өзүнүн бөлүнүп берилген округдарында каржы маселесин да мойнуна алып, айрым жерлерде бири-бирине жардам беришкен. Менин жеке өзүмө “золотой мандат” үчүн деп бир дагы талапкер кайрылган эмес жана шайлоодон кийин каржы боюнча жаныма келип доомат да кылышкан жок”, – деп билдирүү жазды Төрөбай Зулпукаров.

Белгилей кетсек, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинин башында турган авторитеттүү жана таасирдүү адамдар “золотой мандат” алышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: