Кара-Кулжа районун Буйга айылынын Беш-Кемпир участкасынын Булун чегинде 24-25-июль күндөрү узундугу 100м, туурасы 25м, аянты 2500м2 жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин адиси жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жер көчкү коркунучу болгон жерге барышып, тактоо иштерин жүргүзүштү.
Учурда жер көчкү басы калуу коркунучу бар турак жайлар жана социалдык имараттар текшерилип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ