Menu

“Гүленчилер” Кыргызстанда төңкөрүш жасайбы?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда иш алып барган “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси Фетхуллах Гүленге тиешеси бар экени айтылып жүрөт. Аталган мекемеге таандык өлкөдө 15 чакты лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жааттагы уюмдар бар. Ал мекемелерде миңдеген жарандарыбыз билим алып, иштеп келүүдө. Бирок, Стамбулдагы ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин жеке эле Түркияда эмес дүйнөнүн ар кайсы жерлериндеги Гүленге тиешелүү делген окуу жайлар, ишканалар жабыла баштаганы айтылууда. Түрк бийлиги болсо Гүлендин саясатын колдогон мекемелерди экстремисттик деп таап, анда эмгектенген жарандарды камап, куугунтукка алууну улантып жатат.

Кечээ күнү Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун “гүленчилер” боюнча Кыргызстанга билдирүү жасап: “Айрым өлкөлөрдү эскертип жатабыз. Мисалы, Кыргызстандын тышкы иштер министрине телефон чалып эскерттик. Себеби, алар (гүленчилер) Орто Азиядан Кыргызстанды бир база катары тандап алышкан. Ошондой эле күн өткөн сайын желелеп тарап баратат. Кыргызстандын бийлигине да кирип жатышат жана аларга каршы төңкөрүш аракетин жасашы мүмкүн. Бизге дос жана бир тууган Кыргызстан өлкөсү аскердик төңкөрүш кылууга аракет кылган террористтик уюмдун ишмердик жүргүзүшүнө уруксат бербеши керек деп ойлойм”, – деп айткан.

Буга жооп кылган Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркия Кыргызстан үчүн тарыхый тыгыз байланышы бар, бир тууган өлкө экенин, ошол эле кезде көз карандысыз, эгемен өлкө катары эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечүүгө кудурети жетерин, кайсы бир чет мамлекеттин тышкы иштер министри башка бир өлкөгө кандайдыр бир чара көрүү зарылчылыгын ультиматум тилинде көрсөтүүсү туура эместигин билдирди.

Кыргызстандагы байкоочулар болсо “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси көптөгөн мыкты окуучуларды тарбиялап жатканын айтышып, билим берүүнү саясатка аралаштырып, эч ким менен эсептешпей, эрте чечим кабыл алган болбой тургандыгын айтышууда.

“Себаттын” сепкен үнөөнү эртең Кыргызстан үчүн пайдасын береби, же Түркиядагыдай сценарий кайталанабы, аны убакыт көрсөтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: