“Люди мира” коомдук бирикмеси Кыргызстандын жарандары арасында социалдык сурамжылоо жүргүздү. “Эгерде эртең өлкөнүн президентин тандоо керек болсо, кимди шайламаксыз?” – деген суроого көпчүлүк “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов деген пунктту тандаган.
Сурамжылоого 48миң 937 Кыргызстандын атуулдары катышкан. Алардын 45 миң 29 адамы (92%) Республикабызда жашайт, ал эми 3миң 908 адамы чет өлкөдө жүргөн атуулдар. Белгилей кетсек Ө. Бабановго 14367 адам добуш берип, сурамжылоого катышкан адамдардын 30%ын түзгөн.
Айта кетчү жагдай жарандардын көпүлүк бөлүгү “шайлоого барбайм” деп да добуш берген. Алардын тандоосунун негизги варианттары төмөнкүдөй болгон: “Шайлоого эч кимге ишенбегендигим үчүн барбайм”, “барганда пайда жок, алар өздөрү чечишет” же “саясат айдыңында ошол эле адамдар, тандоо мүмкүн эмес, себеби жаңы жүздөр жок”.
ФИО Кандидата | Занимаемая должность | Поддержали | |
1. | Бабанов Омурбек Токтогулович | Депутат ЖК КР. Лидер фракции «Республика- Ата Журт» | 14867 (30%) |
2 | Жээнбеков Сооронбай Ширипович | Премьер-министр КР | 8688 (18%) |
з. | Сариев Темир Аргымбаевич | Экс-Премьер-министр КР | 4877 (10%) |
4. | Торобаев Бакыт Эргешевич | Депутат ЖК КР. Лидер фракшш «Онутуу-Прогресс» | 3410 (7%) |
5 | Мырзакматов Мелис Жоошбаевич | Экс-мэр г.Ош | 2789 (6%) |
6 | Конгангиев Молдомуса Ташболотович | Экс-министр внутренних дел КР | 2317 (5%) |
7 | Текебаев Омурбек Черкешевич | Депутат ЖК КР, лидер фракции «Ата-Мекен» | 1667 (4%) |
8 | Мадумаров Адахан Кимсанбаевич | Экс-тор ага ЖК КР | 1201 (2,5%) |
9 | Исаев Канатбек Кедейкакович | Депутат ЖК КР фракция «Кыргызстан» | 620 (1,5%) |
10 | Отунбаева Роза Исааковна | Экс-Президент КР | 172 (0.50%) |
11 | Исаков Сапар Джумакадырович | Руководитель Аппарата Президента КР | 15 (0,05%) |
12 | Против всех | 8314 (16%) |
Бул сурамжылоо эки ай жүрүп, көз карандысыз экенин кошумчалай кетебиз жана буга жети чет өлкөдө жүргөн Кыргызстан жарандары катышкан.
Булак: “Kyrgyztoday.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ