Талас облусунда обсервацияда жалпы 65 адам жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Айжамал Шамбетова билдирди.
Анын айтымында, 1257 адам үй карантининде көзөмөлдө болууда. Ошондой эле, бүгүн, Соль-Илецк шаарынан келген 58 жарандан кайрадан ПЧР тесттер алынган. Анын жыйынтыгы эртең жарыяланат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча бир гана Талас облусунда коронавирус илдетинин бир дагы учуру катталган эмес.
Белгилей кетсек, жалпысынан өлкөдө коронавирус илдетинин 1817 учуру катталган. Анын ичинен 1181 адам оорудан айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Каза болгондор 16 адамды түздү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ