Menu

Өмүрбек Текебаев борборду эски үйлөрдөн тазалоо боюнча мыйзамын артка чакыртып алды

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев борбор калаадагы 1996-жылга чейин салынып, шаардын генералдык планына жооп бербеген үйлөрдү сүрдүрүп, ордуна жаңы имараттарды куруу боюнча жазган мыйзам долбоорун кайра артка чакыртып алды. Бул тууралуу аталган фракциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда бул мыйзамдын эл арасында чоң чуу жаратканы жана шаардыктар азырынча бул нерсеге даяр эместиги Текебаевди ушундай кадамга барууга аргасыз кылган. “Кийинки муундагы саясатчылар эл менен бир пикирге келип, жетиштүү каражат таап, Бишкекти оңдоо боюнча маселени чечет деген үмүттөмүн”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, активисттер тобу “Текебаев бул мыйзам аркылуу шаардын борборундагы жерлерди элден арзан баада алып, курулуш компанияларына сатып, ортодон акча жасоо аракетин көрүп жатат” деп айыпташкан  жана аны депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча кол топтой башташкан болчу.

Булак: Кyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: