Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алдып, ага коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Атамбаев коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо жана тергөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, андан тышкары мамлекеттик бийлик жана башкаруу системасында коррупция менен күрөшүү боюнча мындан аркы пландар тууралу маалыматты укту.
Улан Исраилов коррупцияга каршы турууда алдын алуу мүнөзүндөгү антикоррупциялык чаралардын натыйжалуулугун арттырууга өзгөчө көӊүл бөлүнүп жатканына токтолду.
Президент антикоррупциялык чараларды мындан ары өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аёосуз күрөштү улантуу зарылдыгын белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ