Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Орусиянын Федералдык бажы кызматынын төрагасы, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Андрей Бельяниновду кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Эске салсак, 26-июлда Федералдык коопсуздук кызматы Андрей Бельяниновдун кеңсеси менен үйүн тинтүүгө алышканда 66 миллион рубль акча табылган. Ошондой эле ал Кыргызстан “бажы союзуна” киргенден кийин Кытайдан Кыргызстан аркылуу эң ири өлчөмдөгү товарларды пошлина төлөбөй, контрабандалык жол менен Орусияга киргизген фактылары орустардын атайын кызматтарына билинип калганы айтылган.
Бельянинов ат тезегин кургатпай Бишкекке тез-тез каттап, келген сайын Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, сауналарда чартаңбай тээп эс алып, каалагандай “эркелеп” жүргөнү белгилүү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ