Кечээ, 29-июлда Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы Каареке айылында жааган жаандын кесепетинен каналдын жээгиндеги 32 түп терек кулап, жергиликтүү тургундун сарайын басып калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле ички чарбалык каналынын айрым жерлери жылгалардан түшкөн сел калдыктар менен толуп калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ