Menu

Чүй кланынын өкүлү Канат Исаев Көк бөрү федерациясында кутум уюштуруп, президентин алмаштырыптыр

Бөлүшүү:

Кечээ, 27-февралда Кыргызстандын Көк бөрү федерациясында кызмат-мансап төңкөрүшү болуп, федерациянын президенти Жыргалбек Саматов тактан кулатылып, ордуна президенттикке КР УКМКнын төрагасынын бир тууган агасы,  “Түндүкэлектро” ишканасынын төрагасы Искендер Кадыркулов дайындалганын жаздык эле.

Бүгүн Көк бөрү федерациясынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн вице-президенти, белгилүү адвокат Канат Хасанов билдиргендей, федерациянын көпчүлүк мүчөлөрү жаңы президентти тааныбайт, алар мурунку эле президент Жыргалбек Саматов менен гана иштеше берет. Анткени 300 миң мүчөсү бар федерациянын президентин Канат Исаев жана Урмат Самаев деген депутаттар өздөрү эле 25 кишини добуш бердирип эле “алмаштырдык!” деп жарыялашкан.

“Бул мыйзамсыздык. Съезд болорун биз күтүүсүздөн уктук. Чүй облустук админис трациянын имаратына (Туй байкенин офиси – ред.) чакырышканынан келсек, съезддин президиумун шайлай электе эле депутат Урмат Самаев өзү президиумга чыгып алып, жанына депутат Канат Исаевди чакырып, бизден мандат албай туруп съездди башкарып киришти. Съезддин күн тартибинде үч маселе бар болчу, бирок алардын ичинде федерациянын президентин шайлоо маселеси жок эле. Ага карабай Урмат Самаев менен Канат Исаев федерациянын президентин сындап, аны кызматтан алуу маселесин көтөрүштү. Биз буга макул болбой съезддин катышуучуларынын көпчүлүк бөлүгү залды таштап чыгып кеттик”, – дейт Канат Хасанов.

“Биз кеткенден кийин Канат Исаев менен Урмат Самаев калган азчылык, 25 киши менен Искендер Кадыркуловду президент шайладык деп жарыялашыптыр.  Бул легитимсиз съезддин легитимсиз чечими. Биз бул чечимди тааныбайбыз, анткени 300 миң мүчөсү бар федерациянын төрагасын 25 киши шайлабайт, аны съезд шайлаш керек. Азыр Жыргалбек Саматовду күнөөлөп жатышат, бирок, 2013-жылы Канат Исаев Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти болуп турганда Казакстанга барып, Кыргызстан, Өзбекстан үч мамлекет келишим түзүшүп, анда бул оюндун эрежелери Көк пардын эрежелери менен ойнолот (башкача айтканда тай казаны жок ойнолот -ред.) деп кол коюп келген экен. Ал келишимдин эрежелери бузулганда казак соту карайт деп кол коюптур. Келишим казак жана орус тилинде жазылып, кыргыз тилинде жазылган эмес. Эмне үчүн биз кыргыздар Көк бөрүнү казактардын Көк парынын эрежелери менен oйношубуз керек?  Эмне үчүн талаш чыкса ал казак мыйзамдары менен чечилиш керек? Эмне үчүн келишимдин казакча версиясы бар да, кыргызча версиясы жок? Мындай суроолор көп…”, – деп билдирет  телеканалдардын биринин журналисттерине Канат Хасанов.

Кыскасы, Чүй кланынын көрүнүктүү өкүлдөрү  спортко да саясат аралаштырып, спортто да кызмат-мансап талашышып, кутум уюштуруп, федерациянын экиге бөлүп, ызы-чууну башташыптыр.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: