Menu

Журналист Кенжебек Жумабаевди УКМК кайрадан камакка алды (видео)

Бөлүшүү:

Журналист Кенжебек Жумабаевди 24. 10. 2013-жылы УКМК кызматкерлери (“Альфа” менен бирдикте) бет кабын кийип үйүнөн Бен Ладенди кармагандай автоматын көтөрүп кирип, колун кайрып алып кетишкен эле. Бүгүн да ошол эле окуяны УКМК кайталап жатат. Кече (30. 07. 16.) саат 16-30дар чамасында “Жаңы Ордо” гезитинин баяндамачысы, “Kyrgyztimes.kg” укуктук маалымат борборунун кабарчысы, Кенжебек Жумабаев үй-бүлөөсү менен Бишкек шаарынын Тоголок Молдо-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде өзүнүн жеке менчик авто унаасында баратканда 2 машина менен кубалап келген белгисиз адамдар УКМКнын кызматкерибиз деп айтып, эч кандай күбөлүк көрсөтпөй туруп, аялын кичинекей 3 (үч) баласы менен жолго калтырып, Кенжебек Жумабаевди өзүлөрүнүн авто унаасына күч менен отургузуп алып кетишкен. Себеби, УКМК 24. 10. 2013-жылы Кенжебек Жумабаевди жеткиликтүү сурап бүтпөй калган экен. УКМК үч жылдан кийин эсине келип, эч кандай чакыруу кагазын бербей туруп, кайрадан көчөдөн кармап, колун кайрып алып барып суракка алып отурат.

Түшүнүктүү болуш үчүн эске сала кетели. 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында митинг өткөрүлүп, анда ошол кездеги губернатор Э.Каптагаев барымтага алынган эле. Окуяны коомчулукка чагылдыруу үчүн барган журналист К.Жумабаевди 17 күндөн кийин (24. 10. 2013) суракка алуу үчүн үйүнө бет капчан бастырып кирип, күч колдонуп алып кетишкен. Кенжебек Жумабаев кыргыз эли үчүн күйгөн мекенчил жигиттердин бири. Эмне, журналист митинг, пикет болгон жерге барып, чындыкты бүтүндөй коомчулукка алып чыгууга мыйзам жол бербейби? Же биз журналисттер бийликти мактаган жерге гана барып, кол чапкандарды элге жарыя кылышыбыз керекпи? Чындыкты жазган журналисттерге автомат такап, күч колдонуп, колун кайрып, бала-чакасын ызы-чууга салып, каалаганын жасай берсе УКМКга жараша береби? Кенжебекти 24. 10. 13. басмачыны кармагандай басып кеткени аз келгенсип, анын адвокатын УКМКга киргизбей койгон. УКМК кызматкерлери Кенжебекти негизсиз кармаганын, мыйзамдарды одоно бузганын анын адвокаты Шарабидин Токтосунов 24. 10. 13. мындайча билдирген:

-“2013-жылдын 24-октябрь күнү саат 11:30 чамасында журналист Кенжебек Жумабаевдин туугандары мага “УКМКнын “спецназы” кармап кетти” деп кабар берип, адвокат болуп беришимди суранышты. Мен дароо эле УКМКга барып кирдим. Барсам Кенжебек Жумабаев түшүнүк кат жазып олтурган экен. Анын түшүнүк катына саат 12:00 деп өз колумду койдум. Андан кийин алар 14:00 гө чейин түшкү тыныгуу дешип, мени сыртта туруп турушумду суранышты. Кенжебекти алып калышты. Мен 13:30 дан баштап 19:00 гө чейин УКМКнын алдында турдум. Мага УКМКнын опер кызматкери чыгып “Кенжебектин паспортунун көчүрмөсүн бериңиз?” деп суранды, мен өзүм кирип, тергөөчүгө берем десем “Сизден баш тартты. Адвокаттын кереги жок, өзүмдүн укугумду өзүм коргойм деп арыз жазды” деп түшүнүксүз кагазды көргөздү. Өзүмдүн колума алып окуюн десем окутпай койду. Кагаздагы кол тамганы карасам, ал Кенжебектин кол тамгасына окшогон жок.

Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексинин (ЖПК) 47-статьясында “Жактоочудан баш тартуу жактоочунун катышуусунда ишке ашырылат” деп көрсөтүлгөн. УКМКнын кызматкерлери тараптан мыйзамдын бул талабы одоно бузулган. Ошол эле ЖПКнын 95-статьясынын талабына ылайык, кармалган шектүү УКМКнын имаратына жеткирилгенден кийин 3 сааттын ичинде кармалышы же коюп жиберилиши керек эле. Бул мыйзам дагы одоно түрдө бузулуп, журналист К.Жумабаев 24 сааттан ашык УКМК имаратында кармалып жатты. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 99-статьясынын талабына ылайык “эгер шектүү кармалган болсо, тергөөчү анын жакын туугандарына кабарлоого милдеттүү” деп турат. Алар кармалгандыгы тууралуу кабарлоонун ордуна, алып барган тамак-аш, кийимдерин кабыл албай койгондугу да мыйзам бузуу болуп эсептелет. Жумабаев Кенжебекти “Эмне үчүн, кайсыл негизде алып келдиңер?”- деген суроого УКМК кызматкерлери “тергөөчүнүн тапшырмасы бар” дегенден башка бир дагы кагаз көрсөтө алган эмес».

Бул жолу журналист Кенжебек Жумабаев УКМК тарап 48 саат камакка алынып олтурат. Бул көрүнүш мыйзамдуубу? Дегеле журналистти митингге катышкандыгы үчүн куугунтуктоого мыйзам жол береби? Мындан аркы тергөө иштеринин жүрүшүн маалымдап турмакчыбыз.

Булак: Кyrgyztimes

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: