Menu

Ажонун сөз куржунунан: Бок басып алган Атамбаев, акылдан айныган оппозиция жана чокоюн башына кийген эл

Бөлүшүү:

Бүгүн Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” комплексинде маалымат жыйынын уюштурду. Төрт саатка созулган баарлашуу учурунда журналисттер өлкө башчысына 40тай суроо беришип, жоопторду алышты. Алардын ичинен кээ бир орунттуу жерлерине кыскача токтоло кетели.

Маалымат жыйындын түз алып көрсөтүлүүсүнө тыюу салды. Баягы “балп” эттире айтып салчу сөздөрүнөн чочуладыбы, айтор, президенттин басма сөз кызматынын өкүлдөрү Kloop.kg сайтынын түз көрсөтүүсүн тыйып койду. Бирок ага карабай “айтыла турчу сөз эле, айтылып кетти өзү эле” болуп, ажо адатынча “акылдуу” сөздөрүн айтып, бир топ черин жазып алды.

Мисалы, анын бок басып алганы тууралуу сөзү көпчүлүктү ирээнжитти окшойт. Ал бир сайттагы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү макаланы окуганын божурап жатып, “Ал жерде чындыкка дал келбеген сөздөрдү окуп бок басып алгандай болдум” – дегени чындыгында президентке жарашчу нерсе эмес. Анан акырында “катуу айтып койдум окшойт, кечирип койгула” деп күлүп койгондо карап отургандардын жаны кашайды го…

Атамбаев ошондой эле оппозицияга дагы катуу сын тагып, аларды кадыр-баркы жок, акылынан айнып калган адамдар катары сүрөттөдү. “Ак үйдүн тосмосунан секиргендер же курал менен бийликти басып алабыз дегендер оппозиция эмес, радикалдар. Алардын орду түрмөдө”, – деди өлкө башчысы.

Ошондой эле дене-мүчөсүн жаап жүргөн кыздарды экстремист катары сыпаттап, андан көрө мини юбка кийип жүргөн жакшы экенин айтты. “Чүмкөнүп алып бир жерди жардыргандан көрө, мини юбка кийип, жөн жүргөн жакшы. Кааласаңар чокоюңарды башыңарга кийип алгыла, бирок жардырбагыла”, – деди Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: