Menu

Депутат Кожобек Рыспаев МАИчилерди кантип коркутту?

Бөлүшүү:

Өкмөттүн токтому менен 18-июлдан тарта унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүрүүгө расмий түрдө тыюу салынганы белгилүү. Президенттин, өкмөт башчынын, парламент спикеринин жана Жогорку сот төрагасынын кызматтык автоунааларынын айнектерин караңгылатууга гана уруксат берилген. Бул тартипке баш ийүү керектигин айткан ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев да унаасынын “тонировкасын” сыйрып салганын жарыя кылганы бар. Бирок, токтомду тоготпой, азыркыга чейин “караңгы” унаада жүргөн аткаминерлер бар экен. Кечээ патрулдук милиция алдыңкы айнектерин караңгылатып алган жолтандабасты токтотсо, ичинен СДПКнын депутаты Кожобек Рыспаев түшүптүр. Жергиликтүү сайттардын бири жазганына караганда Кожобек мырзанын жанында айдоочулук күбөлүктөн башка эч нерсе жок экен. Жада калса унаасынын техпаспортун дагы көрсөтө албаптыр. Бирок, жанагы “гумандуу” МАИчилер депутаттын сүрүнөн коркуп кеткенби айтор, машинесинин тонировкасын акырын сыйрып, бирок, айып пул салбай коё беришиптир. Протокол дагы толтурбаптыр. Мына, СДПКдан депутат болуунун бактысын ушунан байкасаңыз болот. Эгер карапайым бирөө ошентип колго түшсө, МАИчи байкелер үчүн кандай майрам болоорун көпчүлүк айдоочулар жакшы билсе керек…

Булак: Кyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: