Алмазбек Атамбаев президенттикке шайлангандан көп өтпөй эле кете турган күнүн эсептей баштаган. Анысын адатка айлантып, дээрлик ар бир маалымат жыйындарында, эл менен жолугушууларда айтат. Жада калса мөөнөтү бүтүшүнө канча күн калганынан бери жатка билчү. Ошентип, өзү айткандай Роза Отунбаеванын кыстоосу менен журт башына келип калган ажонун кетээрине деле аз калды. Ал акыркы маалымат жыйынында “мага койсо бүгүн деле кетип калат элем” деп агынан жарылды. Бирок, мурдагыдай канча күнү калганын айта албады. Кыязы, унутуп калса керек. “Бир жыл, бир айдай чыдагыла”, – деди Атамбаев, көл жээгиндеги жыйында. Демек, 400 күнгө жетпеген убак калыптыр. Анан ажо ардактуу эс алууга кетип, ырын жазып, сүрөтүн тартып, кыргыз маданиятына салым кошууга бел байлап турган кези.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ