Menu

Аксылыктар бийликке эскертүү берди

Бөлүшүү:

2003-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн №650 “Аксы районунун өнүктүрүү фондусуна  беш (5000) миң метр газ трубасын Ак-Терек жана Ринжит каналынын курулушуна кайтарымсыз берүү” боюнча токтом чыккан. 2004-жылы элдин күчү жана аксылыктар чогулткан акча каражатына үч метр жердин түбүндө жайгашкан өтө жогорку сапаттагы трубаларды экскаватор менен казышып, автоген менен кесип, ичин ыйлайдан тазалап, кыштын ызгаар суугуна карабай Аксы районуна ташылып келинген.

Унгар-Тоодо жайгашкан Кербен РРС-24 радиорелейный станциясы   Өзбекстандын территориясында деген Өкмөттүн протоколуна кол койгон аким, СДПК партиясынын активдүү мүчөсү бийликте олтурса, андан көп өтпөй Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган Сөгөт айылындагы жер тилкесин, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Кутманов Алтынбек Аскарович маалымат агенттиктери аркылуу “ал жер Өзбекстандыкы” деген такталбаган маалымат берип жиберсе, булар аз келгенсип, элдин маңдай тери менен Ак-Терек – Ринжит каналдарынын курулушуна деп алынып келинген трубаларды райондук бийлик өзүм билемдик кылып, КРнын Айыл чарба жана милеорация министрилигинин сунушу менен биргеликте кайра мамлекетке өткөрүү боюнча Өкмөттүн жыйынында карады. Ушундай райондук  атка минерлердин кызмат ордун сактап олтургандыгынын айынан жогорку бийликтин кадыр-баркы Аксы районунда жерге тебеленип жатат.

“Маленков берген байталды Хрущев келип кайтарды” дегендей түшүнөн чоочуп кеткенсип, элдин жон териси менен табылган акча каражатына, ошондой эле бир канча аттуу-баштуу адамдарын мээнети менен алып келинген трубаларды өздөрү алып келгенсип, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендей,  райондук бийлик жана Айыл чарба жана мелиорация министрилигинин курулушу бүтпөгөн Ак-Терек жана Ринжит каналын бүттү деп, суу сактагычты куруп, сууну толтуруп койгонсуп, трубаны Өкмөткө кайра кайтаруу боюнча иштеп жатышат. Аксы элине кайтарымсыз берилген трубаларды райондун акимине жана Айыл чарба жана мелиорация министрилигине Өкмөткө кайтарып алууга сунуш бергенге ким укук берди экен?! Бул акылга сыйбаган катачылык! Өкмөт трубаларды элден тартып алып, башка жака иштеткенге эч кандай акысы жок! Эгерде алгысы келсе  “Аксы районунун өнүктүрүү фондусунан” сатып алыш керек! Өкмөттүн токтому менен кайтарып алынса, коррупциялык жолдор менен сатылып жок болушу мүмкүн! Тез аранын ичинде бул иш токтобосо, арты райондук бийлик жана жогорку бийлик үчүн жакшы болбой калаарын эскертебиз!  Жогоруда кемчиликтерди кетирип жаткан райондук жана жогорку бийлик өкүлдөрүнүн кызмат абалына шайкештигин, ошондой эле мурдагы кайрылуу жана сунуштарды эске алуу менен премерь-министр Жээнбеков Сооронбай Шарипович, сизден тез аранын ичинде чечим кабыл алууңузду суранабыз!

Озокеев Эргешалы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: