Жоолук салынган шоу-бизнес өкүлдөрүнүн саны көбөйүп жатат. Дегенибиз жакында эле ырчы Бегимай Бекбоева дагы жоолук салынган сүрөттөрүн Инстаграм баракчасына жүктөдү. Анын алдына социалдык тармактын колдонуучулары “Намаз окуйсузбу?” – деген суроолорду узатышкан. Ырчы айым бул күндү дагы насип этти деп жооп узаткан.
Эскерте кетсек, буга чейин ырчы Айпери Кубик кызы дагы Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу дин жолуна түшкөнүн жана мындан ары жоолук салынып жүрөрүн айткан. Мындан тышкары жоолук салынган шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасын ырчы Кызсайкал Кабылова, алып баруучу Нурзат Токтосунова, коомдук ишмер Айжан Акылбекова толуктайт.
Ошондой эле, ырчы Малика Дина дагы жоолук салынып, узун көйнөк кийип түшкөн сүрөттөрүн жүктөгөн. Учурда ал беш убак намаз окуйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ