Алмазбек Атамбаев өзүнүн 17-сентябрда өтчү 60 жылдык юбилейине катуу даярдык көрүп жаткан чагы. Буга чейин ырларды жаздырды. Азыр үлкөн конокторду тосуу үчүн Кой-Ташта салдырып жаткан хан сарайында иш катуу жүрүп жатыптыр. 5 гектар жерди ээлеп, 5 метр бийиктиктеги таш коргон менен корголгон эбегейсиз чоң вилласынын курулушу күнү-түнү жүрүп, аны УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев көзөмөлгө алып жатат. Маалыматтарга караганда хан сарай менен Кой-Ташка кетчү жолду Атамбаевдин туулган күнүнө чейин бүтүрүү тапшырмасы берилиптир. Кыскасы, ажо жакын адамдарын өз үйүндө тосуп, өзү билгендей коноктойт шекилдүү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ