Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө 27 жаштагы М.У. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Себеби, 2017-жылдын 17-сентябрь күнү белгисиз адамдар үйүнүн жанында байланып турган бир баш жылкысын уурдап кетишкен. Келтирилген чыгым 60 000 сомго түзгөн. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш- аракеттердин негизинде кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары Кара-Кулжа районунун 22 жаштагы С. А. аттуу тургуну кармалган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Уурдалган мал ээсине кайтарылып берилип, шектүү убактылуу-кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ