Menu

Аксынын аксакалдары баш прокурор Индира Жолдубаевага кайрылуу жолдошту

Бөлүшүү:

Жалпы Кыргыз элине жана

Кыргыз Республикасынын баш прокурору

Индира Ырысбаевнага

Кайрылуу

Биздин сиздерге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө: Аксы районунун Кайшка-Суу айыл өкмөтүнүн аксакалдары жана эли 7 жылдан бери Бегимкулов Эркин Ыманкулович деген Аскар Акаевдин бийлинин тушундагы эң көрүнүктүү чиновниги менен соттошуп, акыйкатка жетпей, акыры чыдамыбыз түгөнүп, Сиздерге кайрылууга аргасыз болдук!

Эркин Бегимкулов Падыша-Ата мамлекеттик коругунун зыярат кылуучу жерин мыйзамсыз менчиктештирип, эс алуучу жай салып алып, элдин кыжырын кайнатып жатат! 7 жылдын ичинде соттошпогон адамы, мамлекеттик мекемеси калбады. Жалал-Абад областынын соттору, райондор аралык соттору Эркин Бегимкулов тарапка чечишип келет. Ал эми Жогорку сот эл тарапка чечим кабыл алып берген. Ушинтип 7 жыл өттү.

Эми биздин балдарыбызды жана жергиликтүү жетекчилерибизди сотко берип, Эркин Бегимкулов, баласы Мурат Бегимкулов өздөрү баш болуп, 2016-жылдын 12-июль күнү саат 17:30дар чамасында Жалал-Абад шаарында райондор аралык сот залында Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы АскарбекДавлетовду жана Кашка-суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысын спорт үлгүсүндөгү  балдар менен келип, жаман сөздөр менен сөгүп, сабап кетишкен!

Сот залында сабап, акарат сөздөр менен сөгүп жатса, биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабызбы же жокпу?  Айыл жаштарын биз араң басып турабыз. Биз Бегимкулов Эркинге мыйзамдуу же болбосо өзүнө жараша жообун бере алабыз!

Урматтуу Индира Ырысбаевна!

– Бегимкулов Эркин Ыманкуловичдин мыйзамсыз иштерине, мыйзамсыз жерлерине чекит коюп бериңиз!

– Балдарыбызды уруп сөккөнү үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек!

– Жалал-Абад райондор аралык сотунун 6 жылдан берки чечимдерин текшерүү керек!

Сиз, Башкы прокуратурадан таза адистерди жөнөтүп, акыры чекит коюп берүүңүздү суранабыз! Эгерде адилетүү чечим чыкпаса, биз жаштарга кепилдик бере албайбыз!

Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аксакалдары

1

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: