Menu

Орусияда 15тен кем эмес тажикстандык мигрант коронавирус жуктуруп алды

Бөлүшүү:

Орусияда тажикстандык 15тен кем эмес жаран коронавирус жуктуруп алганы маалым болду. Бул тууралуу Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин атын атагысы келбеген кызматкери билдирди.

Ал инфекция жуктуруп алган кишилер мындан да көп болушу ыктымал экенин четке какпайт. «Бир нече киши айыгып чыкты, бирок айрымдары азыркыга чейин медициналык мекемелерде дарыланууда», – деди дипломат.

«Озоди” радиосу менен байланышкан эки мигрант коронавирус жуктуруп алышканын тастыкташкан. Алардын бири базарда соода кыларын, вирусту этибар албаганын билдирген.

«Алгач, тамагым ооруду, андан соң дене табым көтөрүлүп, жөтөлө баштадым. Он күн үйдө жаттым, ар түрдүү дары ичтим, бирок жыйынтык болгон жок. «Тез жардамга» чалдым. Алар келип, мени ооруканага алып кетишти. Экспресс-тест коронавирус бар экенин аныктады», – деди мигрант.

Москвада жашаган Мухаммед аттуу мигрант атасынын дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, сегиз күн ооругандан кийин гана ооруканага жаткырылганын билдирди.

«Бир нече күн анын дене табы 40 градуска чейин жетти, биз үч жолу «тез жардам» чакырдык. Биринчи күнү тест алабыз деп убада берип коюшуп, келишкен жок, ооруканага алып кетүүдөн баш тартышты», – деди ал.

Атасын төртүнчү жолу «тез жардам » чакыргандан кийин гана дарыгерлер ооруканага алып кетишкен. Мухаммед коронавируска тест тапшырып, үй карантинине алынган, бирок эки бөлмөлүү батирде андан башка жети киши жашайт.

Тажикстандын өзүндө болсо расмий түрдө коронавирус жуктурган учур каттала элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: