Menu

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев кыргыздын Качинскийи болуп калышы толук мүмкүн”

Бөлүшүү:

КР Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тарыхый жагдайдан улам келип чыктыбы? Президент Алмазбек Атамбаев кандай максатта бул демилгени каникулда жүргөн Жогорку Кеңештин депутаттарына шашылыш сунуштады? 2020-жылга чейин өзгөртүүгө мораторий коюлган Конституция эмне үчүн өзгөртүүгө дуушар болууда? Мына ушул жана башка суроолорго, Ата Мекен парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон маекте жооп алууга аракет кылдык.

 – Президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү сунуштары менен чыгып жатат. Конституциянын атасы катары сизге кайрылууну туура көрдүк. Биринчиден, 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө болобу, же болбойбу? Экинчиден, сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө эмне деп ойлойсуз?

– Конституция — бул юридикалык гана документ эмес, тарыхый жана саясый документ. Тарыхый дегенибиз, коомдогу мамилелерди тарых аныктайт. Чоң тарыхый окуялар коомдо революциялык өзгөрүүлөргө алып келет. Конституция мына ошол тарыхый өзгөрүүлөрдү фиксация кылып, бекемдейт. Конституция саясый документ дегенибиз, коомдун өнүгүшүн бир гана тарых аныктабай, ошондой эле анын өнүгүүсүн жеке инсандар да аныктайт. Конституция кабыл алынып жаткан маалдагы саясый күчтөр жана анын жетекчилери өзүлөрүнүн кызыкчылыктарын, көз караштарын, Конституцияга таңуулоого аракет кылаары шексиз. Ошондуктан, Конституция компромистик саясый документ болуп эсептелет. 2010-жылы дагы Убактылуу өкмөттүн тең ата мүчөлөрү ар кимиси өзүнүн сунушу менен чыгып, бүгүнкү Конституция алардын баарынын сунуш-пикирлерин эске алуу жолу менен кабыл алынган компромистик вариант болгон. Конституция ошол кездеги саясый кырдаалга жараша кабыл алынган. Ушунун өзү айтып тургандай, Конституция идеялдуу, түбөлүк боло албайт. Анткени, саясый кырдаал дайыма өзгөрүп турат. Өлкөдө чечүүчү саясый күчтөр жана алардын лидерлери да өзгөрүп турат. Ошого жараша шарты келип калса, Конституцияга тигил же бул өзгөрүүлөр толук кирип калышы мүмкүн. “Конституция туруктуу болсун, конъюнктуралык болбосун” деп 2020-жылга чейин “Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизе албайт” деген чек коюлган. Бирок, турмуш деген татаал, аны алдын ала толук көзү ачыктык менен так айтуу кыйын. “Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет” дегендей, Конституцияга да тарыхый шартка жараша өзгөртүү киргизилип калуусу толук мүмкүн. Ошондуктан, Конституцияга референдум жолу менен да өзгөртүү киргизүү жагы каралган. Депутаттар ошол жолду пайдаланганга аракет кылып жатышат.

– “Аракет кылып жатат” дегенди чечмелеп, тагыраак айтып берсеңиз?

– Бүгүнкү Конституциянын “оппоненттери”, “2010-жылы Конституция өтө оор тарыхый кырдаалда, кыска мөөнөттүн ичинде шашылыш кабыл алынып калган. Ошондуктан, анча-мынча мүчүлүштүктөрү бар”,-деп айтып жатышат. Бирок, 2010-жылы 75 адамдан турган Конституциялык кеңешме түзүлүп, ага Кыргызстанда болгон негизги саясый партиялардын, граждандык коомдун өкүлдөрү, окмуштуулар катышып, алар бир ай бою күнү-түнү иштеди. Анын ишмердиги  мамлекеттик телекомпаниялар жана башка маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылып турду. Конституциялык кеңешме: “Бүгүнкү тарыхый кырдаал кандай? Бул абалга эмне себептен келип калдык? Мындай кырдаалдан кантип чыксак болот? Экинчи мындай катастрофа кайталанбаш үчүн эмне кылыш керек?”,-деген сыяктуу суроолорго эл алдында жооп издеп, жаңы саясый системаны түздү. Азыр да  Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн жолу ачык-айкын болуп, коомдогу кадыр-барктуу окмуштуулар, мамлекеттик-коомдук ишмерлер, парламенттеги гана эмес, анын сыртындагы саясый күчтөрдүн өкүлдөрү “Ийри отуруп, түз кеңешип” бүгүнкү тарыхый кырдаалдан туура жыйынтык чыгарышыбыз керек. Мына ошондо гана Конституцияга кирген өзгөртүүлөрдү эл тааныйт, моюнга алат. Муну биз лигитимдүүлүк деп коебуз. Конституцияны өзгөртүүдөн дагы, аны кандай жол менен кабыл алынгандыгы маанилүү. Муну диктаторлор дагы жакшы билишет. Ошон үчүн Акаев менен Бакиевдин убагында да калп эле болсо дагы, эл көзүнө Конституциялык кеңешме түзүлүп, коомдук-саясий ишмерлер, окумуштуулар белгилүү бир мөөнөт аралыгында талкуулашып, андан кийин гана депутаттар же президент аркылуу референдумга алып чыгышкан. Бүгүн, тилекке каршы, 2010-жылкы оор кырдаалда сакталган эрежелер да сакталган жок. Кокустан, эч кимге айтылбастан, жашыруун, ууручасынан долбоор даярдалып, депутаттарга окутуп-окутпай эле, отпуска убагында кол койдуртуп, “1-2 айдын ичинде референдум өткөрүп жиберели” деген аракеттерин жасап жатышат. Конституцияга тарыхый өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жол-жобосу сакталбагандыгы, мен жогоруда айткандай, Конституциянын лигитимсиздигине алып келет. Бул биринчи катасы.

– Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында маалымат каражаттарынын, саясат таануучулардын өкүлдөрүнө берген пресс- конференциясында Конституциялык өзгөртүүнүн зарылдыгын, 2010-жылда түзүлгөн Конституциялык кеңешме Кыргызстандын тагдырын ООНдун 12 чиновнигине сатып жиберди. ООНдун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын сотунун чечимин жокко чыгарып салды. Ошондуктан, мамлекеттин коопсуздугун, көз карандысыздыгын камсыз кылыш үчүн өзгөртүүлөргө барышыбыз керек”,-дегендей мааниде жар салды. Бул көз карашка сиздин оюңуз кандай?

–Анын берген баасын мен “эмоционалдык” деп эсептеймин! 1993-2003-2007-2010-жылкы Конституциялардын баарында “Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат”,-деп жазылган. Ал эми эл аралык келишимдер боюнча Конституцияда “… Эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат” деп жазылган. Демек, бизде эл аралык келишимдерге артыкчылык жана үстөмдүк берилген эмес. Бул мектептеги окуучу да түшүнө ала тургандай ачык жана так жазылган.

– Бул багытта коңшу өлкөлөрдөгү абал кандай?

– Мисалы, Казакстандын Конституциясынын 4-статьясынын 3-пунктунда, Россия Федерациясынын Конституциясынын 15-статьясынын 4-пунктунда, Тажикстандын Конституциясынын 10-статьясында “Эл аралык укуктук актылар” жогоруда саналган мамлекеттердин укук системасынын бөлүгү болуп эсептелинет. Эгер “Эл аралык укуктук актылар (келишимдер) жергиликтүү мыйзамга каршы келип калса, анда эл аралык келишимдин нормалары иштейт” деп жазышып, бул өлкөлөр Эл аралык келишимдерге үстөмдүккө жол беришкен. Ал эми Түркмөнстан Конституциясынын 9-статьясында түздөн-түз, ачык “Туркменистан признаёт приоритет общепризнанных норм международного права”,-деп жазып койгон.  Эгер Түркмөнстандын мыйзамдары эл аралык келишимдерге каршы келсе, анда эл аралык келишимдердин үстөмдүгү жөнүндө ачык айтылган. Алардан айрымаланып, биз 1990-жылдардан бери көз каранды эместигибизди, улуттук намысыбызды көздүн карегиндей сактап, бул баалуулукту, принципти 23 жылдан бери улам бир Конституциядан, кийинки Конституцияга өткөрүп келе жатабыз. Мен муну 1993-жылкы Конституцияны иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөсү катары баса белгилеп айткым келет. Жогоруда келтирилген мисал менен Кыргыз Республикасында эл аралык келишимдер үстөмдүк күчкө ээ эмес экендигин далилдедим.

 – Президент Алмазбек Атамбаевдин тынчын алып жаткан Конституциянын 41-статьясы жөнүндө эмнелерди айтаар элеңиз?

– 41-статьяда мындай деп жазылган: 1. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар ага мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө негиздүү жооп берүүгө милдеттүү.
2. Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык
, адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиги бузулгандыгы таанылган учурда Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү же зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт.

Укуктары бузулган биздин граждандар Бириккен Улуттар уюмунун “Адам укуктары боюнча комитетине” кайрыла алат. Ал келишимге биз 1994-жылы кол койгонбуз. 200дөй өлкөдөн, 78и кол койгон, биз да шашып кол койгондордун катарында болгонбуз. Биз ошондо “Граждандык жана саясый укуктар боюнча эл аралык ПАКТыга” кол койгонбуз. Бул ПАКТынын эки факультативдик протоколу бар. Биринчи протоколунда ушул “Адам укугу боюнча комитет” түзүлүп, жогорудагы келишимге катышкан өлкөлөрдүн граждандары ушул комитетке кайрыла алат. Ал комитет мамлекеттерге адамдын укугун калыбына келтирүү боюнча сунушун гана берет. Бул боюнча жогоруда аталган факультативдик протоколдун 5-статьясынын 4-пунктунда мындай деп жазылган: “4. Комитет сообщает свои соображения соответствующему государству-участнику и лицу”. Демек, мындай маанидеги маалыматты алган мүчө мамлекет өзүнүн саясый түзүлүшүн, улуттук кызыкчылыгын, тарыхый кырдаалды эске алып, өзү каалагандай чечим чыгарат. Алмазбек Атамбаев “ООНдун комитети Жогорку соттун чечимин жокко чыгарып коет экен” деп жарыялады. Бул туура эмес. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93-статьясында 1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат деп бадырайып жазылып турат. Ошондой эле 96-статьяда 3. Жогорку соттун актылары акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт”. Демек, Кыргыз сотунун чечимин Кыргыз соту өзү гана жокко чыгарышы мүмкүн. “Соттун чечимин ООНдун комитети жокко чыгарды” деген болбогон сөз. Ушуну көрүп-билип турса дагы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн амалын издеп, туура эмес маалыматтарды таратып жатышат.

 – “Конституциялык өзгөртүүлөр тарыхый муктаждыктан улам келип чыгат деп айттыңыз. Эгер андай муктаждык болсо, аны элге ачык эле айтып, ошого жараша тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсе болбойт беле? Эмне үчүн жашыруун жана шашылыш түрдө Конституцияга өзгөртүүлөр даярдалып жатат? Көп адамдар Атамбаев бийликтен кеткиси келбей, бийликке кайра келгенге аракет кылып жатат деген пикирлерди айтып жатышат. Сиз буга эмне дээр элеңиз?

– Мен Конституцияга киргизилип жаткан сунуштар боюнча өзүмдүн пикиримди кийинки маектерде айтып беремин, анткени, ага көп убакыт жана орун талап кылынат.

Алмазбек Атамбаев экинчи президенттик мөөнөткө бара албайт! Ал аны өзү дагы айтып жүрөт. Бирок, Атамбаевдин экинчи жолу президенттикке барбашын, анын өзгөчө адамдык сапаты жана жеке өзүнүн чечими менен эле аныкталган жок. Ага Конституция тыюу салган! Бирок адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек, Алмазбек Атамбаев Конституциянын ушул беренесин өзгөрткөнгө аракет кылган жок.

Ар бир тирүү организм, чөптөн баштап, жан-жаныбар, адамга чейин, өзүнүн жашоосун түздөн-түз же болбосо башка формада (кийинки муун аркылуу) улантууга аракет кылат. Бул табияттын мыйзамы. Ошондуктан, ар кандай саясый түзүм, партия жана алардын лидерлери мамлекеттик кызматтан кетиши менен эле “саясаттан кетип калат” деген туура болбойт. Алар өзүнүн саясый жашоосун тигил же бул формада узартканга аракет кылат. Алмазбек Атамбаевдин дагы президент катары, КСДП лидери катары коомдун өнүгүүсүнө карата өзүнүн көз карашы бар. Акыркы алты жыл ичинде президент катары ал өзүнө бир топ жоопкерчиликтерди алды. Баштаган көп иштери ар кандай себептерден улам аягына чыккан жок. Ал президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин да, ошол иштеринин аягына чыгышын эңсейт жана каалайт. Жөн гана пенсионер байкоочу болуп отурбай, ошол иштерге таасир тийгизип, кеп-кеңешин айтып, керек болсо партия жана башка уюмдар аркылуу түздөн-түз процесстерди башкарууга жана жолго салууга аракет кылат. Эгерде: “Мен тойдум, 6 жыл президент болдум. Эми кошкула, эмне болсоңор ошол болгула!” деп  эшикти тарс жаап кетип калса, анда ал жоопкерсиздик болот эле. Ошондуктан, Атамбаевдин өзүнүн саясый бийлигин узарткысы келип жаткандыгына биз түшүнүү менен мамиле кылышыбыз керек.

– Жан-жаныбарлар, адам баласы өзүнүн калган өмүрүн кийинки муун менен узартат. Атамбаев президенттиктен кеткен соң өзүнүн бийлигин кантип жана кандай формада узартышы мүмкүн?

– Башка коңшу өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда да Конституцияда көргөзүлбөгөн жол менен мамлекетти башкаруу салты бар. СССР убагында да, 1990-жылдардан кийин да Конституцияда көргөзүлбөгөн субьектилер конкреттүү чечим кабыл алып, реалдуу саясатты жүргүзүп келишкен. Эгер президенттик Конституцияда көрсөтүлгөн кызмат болсо, анын аялы, балдары, кыздары, бажалары, достору, классташтары, шопурлары иш жүзүндө реалдуу саясый институттарга айланган. Конституцияда көргөзүлгөн жол-жобо эмес, көмүскө-кландык үй-бүлөлүк механизмдер ишке ашып келген. Бул биздин каныбызга сиңип калган, мындан арылуу үчүн көптөгөн жылдар керек. Атамбаев президент болбосо деле ошондой Конституцияда көргөзүлбөгөн көмүскө фигура болуп, Кыргызстанды реалдуу башкарууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн Конституцияга бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүү эле жетиштүү болот.

– Мисалы кандай?

– Мисалы, бүгүн президент генералдык прокурорду 40 депутаттын макулдугу менен кызматтан алат. Сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр Конституцияга  киргизилсе, кийинки президент Атамбаев дайындап кеткен прокурорду алыш үчүн 61 депутаттын добушун алыш керек. Кезектеги президентке 61 добушту алуу абдан кыйын болот. Кийинки президент 6 жылга, ал эми прокурор 7 жылга шайланат. Ошентип, кийинки президент өз прокурорун коюу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Кийинки президенттик шайлоого чейин Атамбаев Жогорку жана жергиликтүү соттун, Конституциялык палатанын судьяларын, мүчөлөрүн дайындап кетет. Жакында парламент “Жогорку сотко соттук стажы жок адам дагы судья болуп барса болот” деген чечим кабыл алды. Ошентип, азыркы президенттин жан-жөкөрлөрүнүн бири Жогорку соттун төрагасы болуп калышына жол ачылды. Атамбаев өзүнүн жардамчыларын жана жан-жөкөрлөрүн борбордук бийлик органдарына жетекчиликке коюп жатат. Бир жардамчысы КРнын эсеп палатасынын төрагалык кызматын аркалап жатат. Президенттин аппаратында иштеген дагы бир кызматкери Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп калды. Парламентке жана өкмөткө кирбеген баардык бийлик органдарына Атамбаев өзүнүн адамдарын алып барып койду. Аларды кийинки президент алмаштыра албайт. Кийинки президент өкмөттүн түзүмүнө да аралаша албайт. Качан кийинки президент өкмөттүн курамына аралаша алат? Качан гана парламенттеги коалиция ураса, жаңы коалиция түзүш үчүн президент тигил же бул фракцияга мандатты берет. Эгер коалиция урабай 2020-жылга чейин турса, президент өкмөттүн курамына дагы таптакыр кирише албайт. Бул маселелерди партия жана партиянын жетекчилери гана чечишет. КСДПнын жетекчиси иш жүзүндө бүгүнкү күнгө чейин Алмазбек Атамбаев болуп келе жатат. Ошентип, Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын саясатын толук көзөмөлгө алуунун реалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат. Мен муну “саясый реинкарнация” деп атаймын. Демек, бийликке өзү келбей, өзүнүн адамдары аркылуу Кыргызстанды мурункудай эле башкара берет.

Европада бүгүн “Качинский экинчи Путинге айланды” деп жазып жатышат. Качинский Польшанын мурунку президентинин биртууганы. Ал азыр мамлекеттик эч кандай кызматты ээлеген эмес. Бирок партиясы көпчүлүк добуш менен шайлоодо жеңип келип, бийлик бутактарына өз адамдарын коюп, Польшаны темирдей чеңгел менен башкарып жаткан учуру. Атамбаев дагы кыргыздын Качинскийи болуп калышы толук мүмкүн.

– Атамбаев эмне үчүн Конституциялык палатаны жок кылганга аракет кылып жатат? Сунуш кылынып жаткан долбоор боюнча Конституциялык палата, конституциялык көзөмөл дээрлик жоюлат экен. Конституциялык палата өз чечимин Жогоку Кеңеш жана президенттин уруксаты менен гана кабыл алып калат экен. Мунун кандай кесепети болот жана зарылдыгы бар эле?  

– Конституциялык көзөмөлдү жоюу, өзүм билемдикке жол ачат. Парламентте адам укуктарын, демократияны, эркиндикти чектеген ар кандай мыйзамдар кабыл алынышы мүмкүн. “Кой-ай” деген эч ким болбойт. Бул тоталитаризм жана диктатурага жол ачат.

– Ошону билип туруп эмне үчүн Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары Кыргызстанда конституциялык көзөмөлдү жоготуш керектигин көп айтып, же өз көзөмөлүнө койгонго аракет кылып келе жатат? 

– Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Тайип Эрдоган менен дос мамиледе болгону баарыбызга белгилүү. Анын Атамбаевге таасири күчтүү. Акыркы жылдары Эрдоганды кызматтан кетирүү үчүн жок эле дегенде 3 жолу аракет болду. “Араб жазы” деген толкундун уландысы Стамбулда Таксим аянтында башталган чоң митинг менен уланып, Эрдоганды кетиргенге аракет жасалды. Бирок эл колдойт экен, Эрдоган калып калды. Анын оппоненттери ошону менен эле токтоп калган жок. Түркиянын Конституциялык соту аркылуу Эрдоган жетектеген “Акыйкат жана өнүгүү”  партиясын Түркиянын Конституциясына (Түркия светтик мамлекет) туура келбейт, бул динчил партия, ошондуктан Конституция боюнча бул партияга тыюу салыш керек”,-деп Конституциялык сотко кайрылышкан. Алардын Конституциялык сотунда 11 адам бар. Ошонун 5и “Эрдогандын партиясы жабылсын” деп каршы добуш берди, 6сы Эрдоганды колдоп добуш берди. Эрдоган ээрден шыпырылышка ошондо аз-аз калды. Эрдоган бийликте туруп, элдин колдоосуна ээ болуп туруп, аз жерден утулуп кала жаздады. Мындай учурда “Кудай өзү сактады!” деп коет. Ошентип, Конституциялык сот аркылуу да төңкөрүш жасаса болот. Эрдоган өзүнүн ошондогу абалын, коркунучун досу Атамбаев менен бөлүшкөн болсо керек. Ошону менен эле Эрдоганды төңкөрүү аракети токтоп калган жок. Жакында Эрдоганды аскердик путч аркылуу алышка аракет кылышты.

– Алмазбек Атамбаев эмнеден коркот, бизде Түркиядагыдай реалдуу коркунучу жок да?

– Туура, бизде реалдуу коркунучу жок. Бирок, потенциалдуу коркунучу бар. Түркиядагыдай болбосо да “Атамбаевди кетиребиз” деген саясый күчтөр болду. Ошондуктан, Атамбаев “Конституциялык палата аркылуу төңкөрүш жасап жиберүү коркунучу бар” деген өзүнүн чочулоосунан улам, Конституциялык палатанын  чечим алуу тартибин оорлоштурганы жатат. Бирок, ниети жакшы, муну өзү үчүн кылган жок, кийинки президент үчүн жасоодо. Бирок, бул мен жогоруда айткандай, өзүм билемдикке жана диктатурага толук жол ачышы мүмкүн.

– Бул өзгөрүүлөргө сиздин позицияңыз кандай?

– Бул киргизилип жаткан өзгөрүүлөр кабыл алынып калса, эски кейпибизге тез эле келебиз. “Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бирпаста” дегендей, Кыргызстанда ушул Конституциялык өзгөрүүлөр кабыл алынса, “көзү ачыктык кылып жатат” дегенден коркпоймун, бир жылга жетип-жетпей мурунку тартипке, 2010-жылда эмнеден качсак, кайра ошого барабыз. Биздин Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруу салтыбызды, кошоматка кой сойгон сапатыбызды эсепке алганда, сот системасы да, парламентти да өкмөткө жана бийликте болгон партиянын жетекчисине  көз каранды болот. Мен мындай терең ойлонулбаган өзгөрүүлөргө каршымын.

Кудайкул Жусупов, “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: