Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Элчи өзү бул маалыматты тастыктаганын АКИpress агенттиги жазды.
К.Султановдун айтымында, ал Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршылык билдирип, ушундай кадамга барган. “Башмыйзамдын өзгөрүшүнө каршы болуп, отставкага кетүү тууралуу арыз жазганым чын. Тышкы иштер министрлигине жиберген арызымда жумуштан кетүүмдүн себептери толук жазылган”, – дейт Султанов.
Эске салсак, Кылычбек Султанов элчилик кызматка 2014-жылы дайындалган. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ