Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2016-жылдагы ажыларды 5 жылдыздуу “Замзам Пулман” мейманканасына жайгаштырышууда. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда бүгүн Бишкек шаарынан акыркы каттам Медина шаарына келип конду. Ажыларды 2016-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү тосуп алышып, мейманканаларга жайгаштырышууда. Кыргызстандык ажылар Пайгамбарыбыздын (с.а.в) мечитин зыярат кылышып, өз амалдарын аткарышууда.
Эскерте кетсек, быйылкы жылы жалпысы 14 каттам болуп, ажылардын акыркы тобу 29-августа Ош жергесинен Мединага учуп кетишет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ